• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан 13 адам жабыркады – Чек ара кызматы

Кырсык 0

Бишкек, 17.09.19 /Кабар/. 2019-жылдын 17-сентябрына карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу деп бааланууда, - деп билдирет КР Мамлекеттик чек ара кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу болот деп пландалууда.

Сүйлөшүүнү Кыргызстандын Чек ара кызматынын башкы штабынын башчысы Абдикарим Алимбаев жетектесе, Тажикстандан Чек ара аскерлеринин командачысынын биринчи орун басары Хикматтулла Пиратов катышат.

Алдын ала маалыматка ылайык, кечээ кыргыз-тажик чек арасында болгон атышуудан 13 адам жабыркаган - 7 аскер кызматкери жана алты Кыргызстандын жай тургундары ар кандай даражадагы жараат менен Исфана шарындагы ооруканада жатышат. Экөөнүн абалы оор бойдон калууда, калган 11 адам Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учагы менен Бишкек шаарындагы ооруканаларга алынып келинет.

КР Мамлекеттик чек ара кызматы мурда кабарлагандай, кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан “Бөрү” атайын тобунун кызматкери, прапорщик 1978-жылкы Равшан Муминов курман болду. Анын артында жубайы, үч баласы жана карыган энеси калды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн эртең менен Баткен облусуна барды, тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрөт.

Белгилей кетсек, кечээ, 16-сентябрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атылды. Жаңжалдын чыгышына чек арага жакын жердеги такталбаган аймакка тажик жарандары курулуш иштерин баштаганы себеп болгон.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Сироджиддин Мухриддин телефон аркылуу сүйлөштү.

Пикир

Оставить комментарий