• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан 4 адам жабыркаган

Коом 0

Бишкек, 18.03.19. /Кабар/. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган 4 кыргызстандык учурда Баткен облустук бириккен клиникалык ооруканасында дарыланып жатышат. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жабыркагандардын абалы туруктуу, керектүү дары-дармектерди алып жатышат. Министрликтен кошумчалашкандай, керектүү дарылар жетиштүү.

Ошондой эле Баткен облусунун санитардык кызматы эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөп жатат

Пикир

Оставить комментарий