• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жараат алгандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин кенемте төлөнөт — Жапаров

Президент 0

Бишкек, 06.05.21. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жараат алгандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин кенемте төлөнөт. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров Баткен облусунун Лейлек районунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Ошондой эле Жапаров курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон берилерин, ал эми үйлөрү кыйрагандардын баарынын турак жайлары бекер түрдө калыбына келтирилерин белгиледи.

Мамлекет башчысынын айтымында, ишке тартылган бардык мамлекеттик түзүмдөргө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз убагында тапшырмалар берилип жатат, алардын ишин координациялоону президент жеке өзү көзөмөлдөйт.

Пикир

Оставить комментарий