• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырга байланыштуу кылмыш иши козголду

Кырсык 0

Бишкек, 23.07.19. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы башаламандыкка байланыштуу Баткен облустук ИИБси кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, чек арада катталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, тийиштүү тергөө иштери жүрүүдө.

Учурда кармалгандар жок, териштирүү иштери жүрүүдө.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы окуя кечээ, 22-июль күнү болжол менен саат 17:30да болгон. Тажикстандын Исфара районунун Ворух айылынын тургундары мурда "Аксай" деген жазуу турган жерге желек орнотоюн деген. Ал нерсе Кыргызстандын жарандарынын нааразычылыгын туудурган. Эки тарап бири-бирине таш ыргытып, ок ата баштаган. Жыйынтыгында 14 киши жаракат алган. Жаракат алгандардын арасында милиция жана чек ара кызматынын кызматкерлери бар.

Пикир

Оставить комментарий