• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган аймагында көчөттөрдү отургузуу аракетине бөгөт коюлду

Коом 0

Бишкек, 16.02.21. /Кабар/. 2021-жылдын 14-февралында Кыргызстандын чек ара кезмети Баткен облусунун Баткен районунун Паскы-Арык айлынын Уч жерлигиндеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын такталбаган аймагында Тажикстандын жарандары тарабынан көчөттөрдү отургузуу аркеттерине бөгөт койду. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы маалымдайт.

Билдирүүдө айтылгандай, күн мурун, 15-февралда кыргыз чек арачылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын шарттуу сызыгына жакын жерден курулуш иштерин жүргүзүү аракетине бөгөт коюшту.

Тажикстандын жараны - Сурх айылынын тургуну Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен районунун Миң-Өрүк жерлигинин тушунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын такталбаган аймагындагы шарттуу чек ара сызыгынан 10 метр аралыкта тосмо пайдубалынын тургузууга (опалобка орноткон) аракет кылган.

"Тез аранын ичинде эки тараптын застава башчылары андан кийин айыл аймак башчылары жолугуп, анын жүрүшүндө кыргыз тарап мамлекеттик чек аранын такталбаган аймагында ар кандай чарбалык жумуштарды токтотууну талап кылган. Тажик тарап башында кыргыз тараптын талабын аткаруудан баш тартышкан. Ошол эле учурда чектешкен Кыргызстандын Миң-Өрүк жерлигинде жана Тажикстандын Сурх жерлигинде 25-30 чактыдай Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары топтолушкан. Кыргызстандын жарандары көчөттөрдү шарттуу чек ара сызыгына жакын жерге отургузууга аракеттенишкен", - деп айтылат Чек ара кызматы тараткан билдирүүдө.

Чыр-чатактын күчөп кетпөөсүн алдын-алып эки тарап тең курулуш иштерин токтотуп, ал эми Тажикстандын жараны опалобкаларын алып салуу чечимин кабыл алышкан.

Азыркы учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагынын аталган жерде кырдаал туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий