• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-тажик чер арасындагы чыр: Тергөө иштери жүргүзүлүүдө – ИИМ

Коом 0

Бишкек, 10.01.20. /Кабар/. Бүгүн, 9нан 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чер арасындагы болгон окуяга байланыштуу сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен (ИИМ) билдиришти.

ИИМдин билдиргени боюнча, 9-январдан 10-январга караган түнү саат 00:40 чамасында Баткен районунун Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк тилкеси аркылуу өткөн "Ош-Баткен-Исфана" унаа жолунда Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну М.Сга таандык болгон "Хонда Одиссей" үлгүсүндөгү унаасына тажик жарандары тарабынан таш ыргытылып, терезелерин талкаланган.

"Ошол эле күнү саат 01:10 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын Кара тилкеси аркылуу өткөн "Ош-Баткен-Исфана" унаа жолунда Баткен районунун Достук айылынын тургуну 25 жаштагы М.Шга таандык болгон "Фольксваген Гольф-4" үлгүсүндөгү унаасына тажик жарандары таш ыргытышып, унаанын терезелерин талкалашкан. Аталган окуя Баткен райондук милициясынын Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иш чаралары, териштирүү, тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

ИИМден белгилешкендей, саат 02:40 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма тилкесинде Тажикстан тараптан белгисиз ок атуучу куралдан ок атылган. Азыркы учурда ок атуучу куралдан жаракат алып, кайрылган атуулдар жок. Түнүндө Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундары ошол эле айылда жайгашкан орто мектептин имаратына убактылуу көчүрүлгөн.

Аталган окуя болгон аймакта милиция кызматкерлери чек ара кызматы менен бирдикте коомдук тартипти көзөмөлгө алышып, жергиликтүү калк менен түшүндүрүү иш чараларды жүргүзүүдө. Азыркы учурга кырдаал тынч.

"Баткен облусундагы коомдук-саясий абалды турукташтыруу, жарандардын коопсуздугун толук камсыз кылуу, Тажикстандын укук коргоо органдары менен биргеликте эки тарапта тең түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү жана чек ара кызматтары менен бирдикте чек ара аймактарында коомдук тартипти сактоо максатында кайгуул иш чараларын күчөтүүнү колго алуу жана ички иштер органдарынын ишин координациялоо максатында КР ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев Баткен облусуна келди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий