• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 16.07.19. /Кабар/. Тажикстандын Исфара шаарында мамлекеттик чек аранын калган тилкелеринин сызыгын чийүүнү тездетүү үчүн кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелери боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Мамлекеттик чек ара сызыгын жумушчу түрдө чийишип, кыргыз-тажик Мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин сызыгын чийүү боюнча сунуштарды талкуулашты.

Жолугушууда Баткен облусунун Баткен районундагы айрым Мамлекеттик чек ара тилкелерин биргелешип талаада текшерүү өткөрүү жөнүндө макулдашылды. Сүйлөшүүлөр достук маанайда өттү.

Кийинки жолугушуу Тажикстан аймагында өткөрүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий