• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык жумушчу топтор протоколго кол коюшту

Өкмөт 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, 2021-жылдын 16-22-августунда Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Исфара шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду.

Тараптар кезектеги жолугушууну Тажикстан Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты.

Жолугушуу достук жана өз-ара түшүнүшүү манайында өттү.

Пикир

Оставить комментарий