• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-тажик жаштары муктаж үй-бүлөгө үй куруп берүүдө

Аймак 0

Ош, 12-июль /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ак-Татыр жана Ходжи-Ало айылдарынын жаштары Баткендин тургуну Садировалардын үй-бүлөсүнө үй салып берүүнү колго алышкан. Бул тууралуу “Эл аралык толеранттуулук” фондунун кызматкери Канышай Шералиева билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусундагы Ак-Татыр айылында күйөөсү каза болуп калган Бүзейнеп Садирова буга чейин эки кызы менен кулап калуу коркунучунда турган эски үйдө жашап келген. Жамгыр жааганда алар суу тамган жерлерге чака челектерин коюп коюшчу. Бүйзейнеп Садирова бала бакчада пол жууп эмгектенет. Ал эми кичүү кызынын ден соолугу начар. Бүйзейнеп Садирова үйүн оңдоп алууга мүмкүнчүлүгү жок . Ошондой эле, ага жардам бере турган дагы эч ким жок болгон.

“Аталган айылдын активдүү жаштарынын жана тажикстандык кайрымдуу жаштарынын арты менен “Бирге жардам беребиз” аттуу акция уюштурулуп, эски үй түрттүрүлүп, ордуна жаңы там салынып баштады”,-деп билдирди Канышай Шералиева .

Ошондой эле, айыл тургундары дагы карап турбай курулуш материалдарына, курулуш иштериндеги балдарга тамак-ашын даярдап берүү жагынан кол кабыш кылышууда. Учурда аталган үйдүн 80% бүтүп калды. Бул долбоор “Эл аралык толеранттуулук” коомдук фондунун жардамы менен ишке ашууда.

Пикир

Оставить комментарий