• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз циркинин артисттери Нур-Султанда өткөн фестивалда байгелүү орунду ээлешти

Маданият 0

Бишкек, 18.08.22. /Кабар/. Кыргыз мамлекеттик циркинин артисттери Нур-Султанда өткөн "Азия жаңырыгы - 2022" XIII эл аралык цирк искусствосунун фестивалында эки коло медаль жана атайын сыйлыктарды жеңип алышты. Бул тууралуу Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин жетекчиси Фархад Бекманбетов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, Фархат Төлөков жетектеген “Аят” тобунун акробат жигиттери коло байгенин жана көрүүчүлөрдүн атайын сыйлыгына ээ болушту.

Артисттер:

1)Токтосун уулу Мухамедали

2) Ходжаев Жуманазар

3) Абдыгулов Жумабек

4) Мусаев Телек

Ал эми Алмаз Алжанов жетектеген "Алмаз" жонглёрлор тобу экинчи коло байгени жана Венгрияда боло турган фестивалга жолдомо утуп алышты.

Артисттер:

1) Оксана Гербекова

2) Милан Алжанов

3) Марсель Нигаметзянов

4) Михаил Толкачев

Ал эми Чымкент циркинин атайын байгесин "Sky" акробат дуэти жеңип алды. Артисттер: Анатолий Илатовский жана Александра Белецкая.

Белгилеп кетчү нерсе, "Азия жаңырыгы - 2022" фестивалына Франция, Израиль, Венгрия, Монголия, Въетнам, Россия, Белоруссия, Өзбекстан, Тажикистан, Казакстан, Кыргызстандан жана башка өлкөлөрдөн келген 100дөн ашык артисттер катышты.

Пикир

Оставить комментарий