• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз темир жолу: 11 айда 7,2 млн тонна жүк жана 250 миңге жакын жүргүнчү ташылды

Коом 0

Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. 2022-жылдын 11 айында “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасы тарабынан 7 млн 225,4 миң тонна жүк ташылды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, салыштырмалуу 2021-жылдын 11 айында 6 млн 915,6 миң тонна жүк ташылган.

Ошондой эле өткөн жылдын 11 айында 248 миң 585 жүргүнчү ташылган. Анын 235 миң 679у өлкө ичиндеги жүргүнчүлөр болсо, 12 миң 906сы эл аралык каттамдардын жүргүнчүлөрү.

Салыштырмалуу 2021-жылдын 11 айында 234 миң 40 жүргүнчү ташылган.

Белгилей кетсек, өлкө ичинде “Бишкек-Токмок”, “Бишкек-Кайыңды” каттамдары жүрсө, ал эми эл аралык каттамдардын катарын “Бишкек-Самара”, “Бишкек-Казань”, “Бишкек- Новосибирск” каттамдары толуктайт.

Эскерте кетсек, эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддер 2022-жылдын 6-июнунан баштап жанданган.

Пикир

Оставить комментарий