• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Кыргыз темир жолу»: 22-майда Логвиненко көчөсүндө жайгашкан темир жолду кесип өтүү убактылуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 20.05.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 22-майында 3780 чакырымдагы Бишкек-I, Бишкек-II участогунун Логвиненко көчөсүндө жайгашкан темир жолду кесип өтүү үчүн убактылуу жабылат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу аталган участок саат 09:00дөн 17:00гө чейин жабык болот. Бул иш-чара патрулдук милиция кызматкерлери жана Бишкек шаардык мэриясы менен макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий