• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Кыргыз темир жолу” ишканасы 20 чакырым темир рельс сатып алды

Коом 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы 20 чакырым темир рельс сатып алды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кыргыз темир жолундагы транспорттук процесстердин коопсуздугун жогорулатуу үчүн “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын өздүк каражаттарынын эсебинен 20 чакырым рельс сатып алынды.

«Бүгүн Р-65 рельстеринин биринчи партиясы келди. Рельстер жаңы, 2021-жылы чыгарылган жана биздин талаптарга жооп берет. Ушул жумада көйгөйлүү участкаларга рельс төшөй баштайбыз», - деди ишкананын башкы директору Азамат Сакиев.

Белгиленгендей, 20 чакырым рельс төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

- темир жолдун 3933-чакырымынан 3946-чакырымына чейин ("Балыкчы" станциясынан 148-чакырым чейин) 14 чакырым темир рельс менен төшөлөт;

- 3729 чакырым темир жолдон 3733 чакырымга чейин - 5 чарчы метр рельс (Кара-Балта станциясынан 141-разъездге чейин);

- темир жолдун 3676 чакырымына (“Мерке-Чалдовар”) 1 чакырым рельс төшөлөт.

Пикир

Оставить комментарий