• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Кыргыз темир жолу" ишканасы 2018-жылы 514 млн. сом тапты – директордун орун басары

Коом 0

Бишкек, 28.02.19. /Кабар/. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын кирешеси 2018-жылда 514 миллион сомду түзгөн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйыны учурунда аталган ишкананын башкы директорунун орун басары Куван Асанбеков билдирди.

Анын айтуусунда, 2018-жылда темир жол аркылуу жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу көбөйтүлгөн. "Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча маршруттун кызматынан 300 миңге жакын жүргүнчү колдонгон. Алар негизинен ички жүргүнчүлөр. Туризмди өнүктүрүү максатында 2019-жылда сезондук "Ташкент-Балыкчы" каттамы ачылды. Мындан тышкары "Бишкек - Кара - Балта" автожолун реабилитациялоо учурда ыңгайсыз маселелерди чечүү максатында, "Бишкек - Кара - Балта" шаар четиндеги каттам ачылып иштеп жатат", - деди Асанбеков.

Ал кошумчалагандай, 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча темир жолдун үстүңкү курулушунун 24,1 км жаңыланды.

Пикир

Оставить комментарий