• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Кыргыз темир жолу” ишканасы Баткенге 2 фура гумжардам жөнөттү

Коом 0

Бишкек, 04.05.21. /Кабар/. “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасы темир жолчулардын атынан Баткен облусуна 2 фура гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу Траспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, гуманитардык жардам 20 тонна азык-түлүктөн: ун, күрүч, кумшекер, макарон, чай, туз, май, кир жана идиш жуучу каражаттардан турат.

Мындан тышкары, 60 комплект төшөк шейшептери, матрац, жаздык, жууркан-төшөк жана башкалар бар. Жүктү “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилиги жана кызматкерлери коштоп барат.

Пикир

Оставить комментарий