• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Кыргыз темир жолу” ишканасы билеттерди кантип арзан баада сатып алса болоорун айтты

Коом 0

Бишкек, 04.10.19. /Кабар/. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын кызматын пайдаланып, темир жол аркылуу жүрүү билеттерин канчалык эрте сатып алсаңыз анын баасы ошончолук арзан болот, - деп билдирет аталган ишкананын маалымат кызматы.

Ага ылайык, билеттерди 45 күн мурун сатып алгандарга 50% арзандатуу болот.

"Москвага сапарга чыгаардан 45 күн мурда билет сатып алсаңыз, анда 50% жеңилдик берилет. Ошондой эле, “Бишкек - Казань” жана “Бишкек - Новосибирск” багыты боюнча да ушундай эле мөөнөттө эрте сатып алсаңыз, 50%га чейин арзан баада алсаңыз болот", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары 40 күн, 30 күн жана 3 күн мурда билет сатып алган жүргүнчүлөргө да жеңилдиктер берилет.

Толук маалыматты 926847,926854, 926840 телефон номерлеринен же www.kjd.kg сайтынан алса болот.

Пикир

Оставить комментарий