• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Кыргыз темир жолу» ишканасы Бишкектеги карылар үйүнө социалдык колдоо көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу темир жолчулар борбордогу жардамга муктаж адамдарга гуманитардык жактан колдоо көрсөттү. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Мындай чечим Кыргыз темир жолунун администрациясы жана кесиптик кошундары тарабынан кабыл алынган.

Кайрымдуулук иш-чарасынын алкагында Бишкек шаарынын Ленин районундагы карылар үй-интернатына тамак-аш азыктары тапшырылды. Тамак-аш азыктарына ун, шекер, макарон, күрүч, өсүмдүк майы жана башка өздүк гигиена товарлары кирет.

Белгилей кетсек, аталган карылар үйүндө ар кандай тагдырга туш болгон адамдар жашайт. Бул борборду Кыргыз темир жолу өзүнүн камкордугуна алып, такай жардам берип келет.

Ушундай эле социалдык жардамдар темир жолдо эмгектенген 174 үй-бүлөгө берилди. Алардын арасында темир жолдун ардагерлери, пенсионерлер ошондой эле жардамга муктаж жалгыз бой адамдар бар.

Кайрымдуулук жардамынын жалпы баасы 200 000 сомду түзөт.

Бул жолку тизме биринчи кезектеги жардамга муктаж адамдар үчүн түзүлгөн. Алдыда мындан ары да социалдык жардамдар этап-этабы менен берилип турат.

Пикир

Оставить комментарий