• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Кыргыз темир жолу” ишканасы чарбалык субъекттердин товарларын өз убагында жана толук көлөмдө аткарууда - Бейшенов

Коом 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. “Кыргыз темир жолу” ишканасы чарбалык субъекттердин товарларын темир жол менен ташууну өз убагында жана толук көлөмдө аткарууда. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов брифингде билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдын 6 айында (21-июлуна чейин) “Кыргыз темир жолу” ишканасы 3596,442 тонна көлөмүндө жүк ташып, же 2019-жылдын отчеттук мезгилине караганда 384,6 миң тоннага көп товар ташыган.

“Анын ичинде 2020-жылдын 1-январынан 20-июлуна чейин 361 713 тонна азык-түлүк жүктөр (буудай, күрүч, жашылча ж.б.) 5 412 вагонунда (488 контейнер) ташылды, жана медициналык жүктөр (медициналык аспаптар, дары-дармек каражаттары) 1 241 тонна 38 вагонунда (51 контейнер) ташылды. Ошондой эле акысыз Өзбекстандан гуманитардык жүктөр 31 вагон ун, 2 вагон дары-дармек, 1 вагон дезинфекциялоочу каражат Кыргызстанга келген”, - дейт ал.

Бейшенов кошумчалагандай, коронавирустук инфекциянын жайылышы боюнча иш-чаралардын планын жана иш-аракеттердин белгиленген алгоритмдерин аткаруу максатында компаниянын кызматкерлери жеке коргонуу каражаттары менен камсыз болушкан.

Пикир

Оставить комментарий