• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

"Кыргыз темир жолу" ишканасы эл аралык поезд каттамдарын убактылуу токтотту

Коом 0

Бишкек, 17.03.20. /Кабар/. Казакстанда 17-марттан тарта өзгөчө кырдаал жарыялангандан улам "Кыргыз темир жолу" ишканасы жүргүнчү ташыган эл аралык поезд каттамдарын убактылуу токтотту. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Алар:

Бишкек – Москва, № 17/18 поезди;

Бишкек – Казань, № 305/306 поезди;

Бишкек – Новосибирск, № 385/386 поезди.

"Билеттерди сатып алган жүргүнчүлөр аны эч тоскоолдуксуз өткөрө алат. Бишкек – Мерке каттамы Кайыңдыга чейин кыскартылды", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми өлкө ичиндеги Бишкек – Торугарт, Бишкек – Кара-Балта каттамдары өзгөрүүсүз ишин уланта берет.

Пикир

Оставить комментарий