• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Кыргыз темир жолу” ишканасы мамлекетке 400 млн. сом карыз

Коом 0

Бишкек, 31.10.18. /Кабар/. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы мамлекетке 400 млн. сом карыз. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Кыргыз темир жолу” ишканасынын директорунун орун басары Кубан Асанбеков билдирди.

Анын айтуусунда, "Кыргыз темир жолу" МИнын жаңы директору бир ай мурда дайындалган, ал учурда мамлекет алдындагы карызды төлөө боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

“Учурда темир жол штаттык режимде иштеп жатат. Жаңы башчы кызматка дайындалган күндөн баштап системадагы коррупцияны жоюу боюнча иш алып барууда. Ошондой эле ишкананын экономикалык бөлүгүн жакшыртуу боюнча да иштер жүрүүдө”, -дейт Асанбеков.

Пикир

Оставить комментарий