• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз темир жолу: Ташкентте эл аралык мультимодалдык коридорду өнүктүрүү долбоору талкууланды

Коом 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 16-мартынан 17-мартына чейин Өзбекстандын Ташкент шаарында «Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев жетектеген делегация темир жол администрацияларынын жетекчилери «АТР өлкөлөрү-Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Азербайжан-Грузия-Европа» эл аралык мультимодалдык коридорун өнүктүрүү долбоорунун алкагында алты тараптуу жолугушууга катышты. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө жүктөрдү үзгүлтүксүз ташууну уюштуруу, ошондой эле аталган эл аралык мультимодалдык маршрут боюнча фитинг аянтчаларын жана тарифтик коридорду өз убагында жеткирүү боюнча маселелер талкууланып, макулдашууларга жетишилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясынын башчысы Азамат Сакиев жолугушууну уюштургандыгы үчүн Өзбекстан темир жолунун жетекчилигине ыраазычылык билдирип, эл аралык мультимодалдык коридор боюнча долбоорду өнүктүрүүнүн олуттуу актуалдуулугун жана маанилүүлүгүн белгилеп өттү.

«Кыргыз темир жолу эл аралык мультимодалдык транспорт коридору боюнча контейнердик поездди ишке киргизүүнү колдойт жана буга стратегиялык маани берет. Бул жолугушуу долбоорду ийгиликтүү илгерилетүү боюнча бардык учурдагы маселелерди мындан ары практика жүзүндө чечүүгө күчтүү стимул болот деп ишенем», - деди Сакиев.

Белгилей кетсек, жолугушуунун жүрүшүндө “Кыргыз темир жолу” ишканасы тарабынан бир катар сунуштар айтылып, алар эске алынган, атап айтканда, эл аралык мультимодалдык транспорт коридорун ишке киргизүүнү мындан ары тездетүү жана бул маршрут боюнча жүктөрдүн тоскоолдуксуз жүрүшүн уюштурууга байланышкан бардык маселелерди чечүү үчүн темир жол администрацияларынын адистеринин ичинен туруктуу жумушчу топ түзүлгөн. “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жумушчу тобун башкы директордун орун басары Дастан Усубакунов жетектейт.

Жыйындын катышуучулары «АТР өлкөлөрү – Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Азербайжан – Грузия Европа» эл аралык мультимодалдык коридорунун долбоорун илгерилетүү боюнча темир жол администрацияларынын башчыларынын кезектеги жыйынын Кыргыз Республикасында өткөрүү чечимин бир добуштан колдошту.

Жыйынтыгында Тажикстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Ирандын жана Түркиянын темир жол администрацияларынын жетекчилеринин жолугушуусунун эл аралык мультимодалдык маршрутун өнүктүрүү боюнча “АТР өлкөлөрү – Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Азербайжан –Грузия – Түркия – Европа” Протоколуна кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий