• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилиги: Бизде билетсиз жүргүнчүлөр жок

Коом 0

Бишкек, 31.10.18. / Кабар/. Кыргызстандын поезддеринде билетсиз жүргөндөр жок. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Кубан Асанбеков “ билдирди.

Анын айтымында, ишкананын директору жүргүнчүлүк кызматка билетсиз жүргүнчү түшүнүгүн жок кылуу буйругун берген. “Интернет жана бир катар телеканалдарда билетсиздердин катышуусунда жарыяланган тасма боюнча кызматтык иликтөө өткөрүү тапшырылды. Бул факт текшерилип жатат. Жыйынтыктар алынганда кошумча билдирүү жасалат”, - деди Асанбеков.

Анын айтымында, “Кыргыз темир жолу” ишканасынын Москва-Бишкек багыты боюнча билеттерди сатуудан түшкөн үлүшү 24,5% түзөт. “Үлүштүн көбүн орус жана казак темир жолдору алат. Поезддерге билетсиз жүргүнчүлөрдү салбоо алардын кызыкчылыгында болгондуктан, КРнын темир жолдорунда билетсиздер жок деп айта алабыз”, - деп белгиледи Асанбеков.

Пикир

Оставить комментарий