• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Кыргыз темир жолу": Лев Толстой менен Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө оңдоо иштери жүрөт

Коом 0

Бишкек, 10.05.19. /Кабар/. Лев Толстой менен Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

"Кыргыз темир жолу" билдиргендей, оңдоо иштери 13-20-май күндөрү жүргүзүлүп, ал күндөрү саат 07:30дан 14:00гө чейин жол кыймылын Ички иштер министрлигинин жол көзөмөлдөө кызматкерлери көзөмөлдөп турат.

"Андыктан, айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү аталган тилкеде сак болуусун суранабыз. Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын-ала кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий