• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Кыргыз темир жолу” МИ директорунун жаңы орун басары дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 11.04.19. /Кабар/. КР Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасында башкы директорунун орун басары болуп Русланбек Кадыркулов дайындалды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мындай буйрукка өкмөткө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондусунан кол коюлган.

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын башкы директору Канатбек Абдыкеримов бүгүн ишкананын жетекчинин жаңы орун басарын тааныштырды.

Русланбек Кадыркулов буга чейин “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген.

Пикир

Оставить комментарий