• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

«Кыргыз темир жолу» УК» МИнин КР ЖК депутаты Ж.Акаевдин айткандарына карата билдирүүсү

Коом 0

Бишкек, 23.03.18 /Кабар/. «Кыргыз темир жолу» Улуттук Компаниясы» Мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жанар Акаевдин мекеме ишмердүүлүгү тууралуу «Азаттыктын» сюжетиндеги айтылган билдирүүлөрүнө карата жооп кайтарды.

"Кыргыз темир жолу" УК" мамлекеттик ишканасынын билдирүүсүндө төмөнкүдөй айтылат:

"Репортажда Жанар Акаев жана башка жактардын айыптоо мүнөзүндөгү билдирүүлөрү жетишсиз маалыматка жана имиштерге негизделген.

Ал эми «банкроттук абалга» кептелди деген маалымат боюнча, «Кыргыз темир жолу» өз ишмердүүлүгүн толугу менен өзүн-өзү каржылоо иретинде жүргүзөт. Бүгүнкү күндө ишкана кирешелүү жана республикадагы бирден-бир ири салык төлөөчү болуп саналат: 2017-жылга карата компаниянын таза кирешеси – 576,3 млн сомду, ал эми республикалык бюджетке салык төлөмдөрү 205,4 млн сомду түзгөн.

Жүк ташуучу жарым вагондордун сатылып алынышына тийиштүү билдирсек, «ЗИКСТО» АК (Петропавловск шаары, Казакстан Республикасы) 150 жарым вагонду сатып алууга болгон келишимдин жалпы суммасы 6 млн 087 миң 206 АКШ долларын түзөт.

Мурдараак инвестициялык долбоорго ылайык, 8 млн 380 миң 800 АКШ доллары суммасындагы насыя Россия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунда жактырылган. Алгачкы 4 млн 085 миң АКШ доллары суммасындагы транш «ЗИКСТО» АК 150 жүк ташуучу жарым вагонду сатып алууга алдын-ала төлөө (70%) иретинде багытталган. Бүгүнкү күндө «ЗИКСТО» АК жүк ташуучу жарым вагондорду сатып алуу Келишими боюнча төлөм боюнча калдык 1 млн 339 миң 185 АКШ долларын түзөт. Белгилесек, төлөм, туум, айыппул төлөө «ЗИКСТО» АК менен Келишим алкагында жүргүзүлөт. Натыйжада, «Кыргыз темир жолу» келишимдердин бардык шартын аткарууда.

Өз сөзүндө депутат Жанар Акаев «келишимге ылайык, «ЗИКСТО» АК жарым вагондор Кыргызстанга келген эмес» деп белгилейт. Бирок бул маалымат чындыкка жатпайт, анткени 2018-жылдын 22-мартына карата 110 даана жүк ташуучу жарым вагон алынып келинген. Анын ичинде 20 жарым вагон тийиштүү тариздөө процедурасынан өткөрүлүүдө. Мындан тышкары, 20 жарым вагон Казакстандан жөнөтүлүүгө даярдалууда жана жакынкы күндөрү Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келинет. Жүк ташуучу жарым вагондордун алынып келинишинин кечиктирилиши Казакстандагы аба-ырайынын төмөнкү температурасына байланыштуу орун алган, ага байланыштуу көтөрүүчү механизмдердин, ширетүү жабдууларынын ишиндеги өндүрүш процесси, вагондорду сырдоо жана кургатуу татаалдашкан. Буга катар белгилесек, «Кыргыз темир жолу» жана «ЗИКСТО» АК келишиминде айыппул санкциялары каралган. Өз кезегинде «Кыргыз темир жолу» «ЗИКСТО» дарегине өз мөөнөтүндө жеткирилбегендиги үчүн туум көрсөтүлгөн счет-фактура жөнөтүлгөн.

Белгилесек, «ЗИКСТО» ортомчу компания болуп эсептелбейт. Ал «ЗИКСТО» АК мамлекеттик башкармалык органы эсептелген «Казахстан инжиниринг» улуттук компаниясына тийиштүү.

Республикага келип жаткан жүк ташуучу жарым вагондор тууралуу билдирсек, алар тендердик талаптарга дал келет. Жарым вагондорду кабыл алуу үч тараптын: РКӨФ, «Кыргыз темир жолу»УК» МИ жана «ЗИКСТО» АК катышуусунда ишке ашырылууда. Орун алган айрым кемчиликтер өндүрүүчү завод өкүлдөрү тараптын өз эсебинен жоюлган.

Ошондой эле сюжетте «Кыргыз темир жолу» Улуттук Компаниясы» Мамлекеттик ишканасынын башкы директору Алмазбек Ногойбаевдин Өзбекстан темир жолдорунун «Кыргыз темир жолу» алдындагы карыздарын кечүүсү тууралуу» сөз жүргөн. Өзбек темир жолдорунун «Кыргыз темир жолу» алдындагы карыздарынын суммасын эсептен чыгаруу жүргүзүлбөгөндүгүн билдиребиз. Мындан тышкары, МИ башкы директору мындай документтерге кол коюуга укугу жоктугун жана тийиштүү түрдө, А.Ногойбаев аталган аракетти жасоого ыйгарым укугу болбогондугун билдиребиз.

«Кыргыз темир жолу» 2017-жылдын 14-апрелдеги, 2017-жылдын 18.07 жана 2017-жылдын 07.02. каттары аркылуу Өзбек темир жолдоруна Келишим мөөнөтү аяктаган учурдан бери, тактап айтканда, 2008-жылдын октябрынан тарта 2017-жылдын мартына чейин чогулган жүк ташуучу вагондорду пайдалануусу үчүн карызды жоюу чечимин кабыл алуу тууралуу кайрылган. Бүгүнкү күндө өзбек тарап жүк ташуучу вагондорду пайдалануусу үчүн карызды кабыл алуу тууралуу бир тараптуу жообун бере элек.

Жыйынтыгында жогорку даражадагы жактын, тактап айтканда парламенттин депутаты тарабынан айтылган негизсиз билдирүүлөр өлкөлөр ортосундагы мамилелерге олуттуу кесепетин тийгизээрин белгилеп кеткибиз келет. «Азаттык» радиосунун эфиринде кеткен сюжеттин мазмуну бир катар жактардын, анын катарында, Ж.Акаевдин жалаа жабуусу катары кабылданат".

Пикир

Оставить комментарий