• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Кыргыз темир жолунун" директору: Паркта болгон жүк вагондордун 53,3% иштебейт

Коом 0

Бишкек, 05.02.19 /Кабар/. "Кыргыз темир жолунун" паркындагы жүк вагондордун 53,3 пайызы иштебейт. Бул тууралуу мамлекеттик ишкананын директору Канатбек Абдыкеримов Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин көчмө жыйынында билдирди.

Мындан сырткары Абдыкеримов "Кыргыз темир жолун" модернизациялоодо стратегиялык милдеттердин бири паркты жүк вагондор менен толуктоо болуп саналарына токтолду.

"Паркта болгон жүк вагондордун 53,3 пайызы иштебейт. Социалдык жактан маанилүү болгон жүк ташууларды (Бишкек ЖЭБи үчүн "Балыкчы" станциясынан көмүр ташуу, "Кайыӊды кант" заводуна кант кызылчасын жеткирүү үчүн) камсыздоо үчүн жарым вагондорду сатып алуу маселеси курч турат", – дейт Абдыкеримов.

Ал чарбалык субьектилердин керектөөлөрүн толугу менен камсыздоо үчүн 2019-жылдан тартып 2015-жылга чейин жалпы суммасы 602 млн сомдон ашуун каражатка 200 жүк вагонун жана 60 жүргүнчү вагонун сатып алуу талап кылынарын кошумчалады.

Абдыкеримов кошумчалагандай, Кыргызстанда темир жолдун узундугу 424,6 чакырымды түзөт. Темир жолдун 17 пайыз рельси алмаштырууга муктаж. "Кыргыз темир жолу" орочо эсеп менен 25 чакырым темир жолду модернизациялап, темирбетон шпалдарды коюп жатат. Бүгүнкү күндө 295 миӊ темирбетон шпал коюлушу керек. Ага 1 млн 885 миӊ сом зарыл.

Пикир

Оставить комментарий