• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Кыргыз темир жолунун" кызматкери жарым марафондо биринчи орунду жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 27.09.21. /Кабар/. “Кыргыз темир жолунун” кызматкери Бакыт Момуналиев ак илбирсти сактоого арналган SNOW LEOPARD RUN эл аралык жарым марафонунда 14 км аралыкта 1-орунду ээледи. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш -чара ушул жылдын 26-сентябрында Бишкек шаарында өткөрүлгөн.

Ал "Кыргыз темир жолу" УК” мамлекеттик ишканасынын оңдоо-өндүрүштүк иштер жана суу менен камсыздоо башкармалыгында шыбакчы болуп иштейт. Сырдоо, ишкананын имараттарын шыбоо жана башка жумуштар менен алектенет.

Б.Момуналиев буга чейин 19-сентябрда өткөн ошол эле иш-чарага катышып, экинчи орунду алган.

Бакыт Момуналиев бала кезинен бери алыска чуркоону жакшы көрөрүн билдирди. "Бош убактымда чуркаганга аракет кылам, бул мага сергек болууга жардам берет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий