• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Кыргыз темир жолунун" кызматкерлери Ысык-Көл оюндарында 50 медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. "Кыргыз темир жолунун" кызматкерлери Ысык-Көл XX эл аралык оюндарында 50 медаль утуп алышты. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайк, Ысык-Көл оюндарына “Кыргыз темир жолунун” 14 кызматкери катышкан. Алар спорттук оюндардын 12 түрү боюнча: жеңил атлетика, сууда сүзүү, армрестлинг, пляждык футбол жана башкаларга катышты. Оюндардын жыйынтыгында компаниянын командасы 50 медалга ээ болду, анын 11и алтын, 6сы күмүш, 33ү коло.

Кошумчалай кетсек, спорттук оюнчуларга акчалай сыйлык берилет.

Эске салсак, Ысык-Көл XX эл аралык оюндары 2021-жылдын 4-сентябрынан 12-сентябрына чейин Бактуу-Долоноту айылында "Азия-тынчтыктын жана кызматташтыктын аймагы" деген ураан астында өткөн. Аларга жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн, анын ичинде ШКУ жана КМШ өлкөлөрүнн спортчулары катышты.

Пикир

Оставить комментарий