• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргыз тили коргоого эмес, колдонууга муктаж – Ишекеев

Коом 0

Бишкек, 19.12.17 /Кабар/. Кыргыз тили коргоого эмес, колдонууга муктаж. Мындай пикирин Бишкектеги К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында өткөн "Жалпыга маалымдоо каражаттары - сабаттуулуктун үлгүсү" аттуу семинар-тренингде Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик тилди жайылтууда ЖМКлардын ролу зор. Назаркул Ишекеев кыргыз тилин өнүктүрүүдө эң көйгөйлүү маселе иш кагаздары экенин айтты. “Көп улуттуу өлкөдө ар бир улуттун тилин сыйлоо зарыл. Келечекте көп тил билген кыргыздардын жаңы муунун түзүүгө умтулушубуз керек. Кыргыз тили учурда коргоого эмес, колдонууга муктаж",-деп белгиледи Ишекеев.

Белгилей кетсек, иш-чарага жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Семинар-тренингдин алкагында ЖМКларда кыргыз тилин туура колдонуу, журналисттик этиканы сактоо, кыргыз тилинин жазуу эрежелерин кармануу маселелери боюнча кызуу талкуу болду.

Эскерте кетсек, иш-чараны Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия уюштурган.

Пикир

Оставить комментарий