• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз тилин эми мобилдик колдонмо аркылуу үйрөнүүгө болот

Коом 0

Бишкек, 15-март /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. App Store жана Google Play аркылуу Mamtil Lingvo мобилдик колдонмосун көчүрүп алып, кыргыз тилин үйрөнүүгө болот. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында КР Президентине караштуу Улуттук мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасынын орун басары Медербек Аким уулу билдирди.

Анын айтымында, бул программанын өзгөчөлүгү – кыргыз тилинен орус, англис жана түрк тилдерине которуусунда. Бул абдан ыңгайлуу болгондуктан, чет элдиктер да колдонсо болот.

Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары билдиргендей, колдонмо 4 бөлүктөн турат. Биринчиси – үндүү сөздүк, экинчиси – белгилүү бир жайларда (кафе, мейманкана ж.б.) кеңири колдонулган сөз айкаштары, үчүнчүсү – туура айтуу жана төртүнчүсү – тил билүүсүн текшерүү.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө ал мындагыдарга колдонмонун өзгөчөлүгүн көрсөтүп, КРга келүүнү каалаган туристтер өз алдынча кыргыз тилин үйрөнүп, өлкөбүзгө келгенде кыргызча сүйлөшү үчүн Туризм департаментине бул колдонмо тууралуу маалыматты сайтына жайгаштырууну сунуштады.

Мындан тышкары, М.Аким уулу кыргыз тилин расмий түрдө Google translate сервисине киргизишкенин жана каалоочулар болсо кызматтан колдонушса болорун эскертти. “Анткен менен, биз бардыгы идеалдуу деп айта албайбыз. Котормо 100% эмес, бирок жарымынан көбүн туура которот. Котормо так болушу үчүн бул жакка дагы бир нече миң сөз айкашын киргизүүнү пландап жатабыз. “Википедияга” кыргыз тилиндеги 12 миң макала киргизилди”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий