• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз тилин үйрөнүүнү каалагандар үчүн заманбап технологиялар жардамга келет

Коом 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Google Play Market жана App Store тиркеме дүкөндөрү дагы эки жаңы маалыматтык технологиялар менен толукталган. Алар кыргыз тилин үйрөнүүгө багытталган, тиркемелерди акысыз түрдө телефонго көчүрүп алууга болот.

КРнын президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында бул кадамдар мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында жасалып жаткандыгын билдирди. Ошондой эле ал үстүбүздөгү жылы бул багыттагы иштер заманбап технологияларды колдонуу менен өткөрүлүп, ал 2019-жылдын "Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү" жылы аталышы менен үндөш болуп кетерин айтты.

Ишекеев белгилегендей, тиркемелер жаш курак боюнча бөлүнгөн: "Бал тил 1" 3-5 жашар балдарга арналса, "Бал тил 2" 6-10 жаштагы балдар үчүн жасалган.

Анын айтымында, мектеп жашына чейинки жана мектеп жашындагы балдарга арналган бул эки тиркемеде көптөгөн сүрөт, анимация, аудиматериалдар, логикалык оюндар бар, алар кыргыз тилин үйрөнгөндөрдүн кызыгуусун арттырат. Android жана iOS системаларында иштейт.

Ошондой эле Улуттук комиссия менен Ulut Soft IT-компаниясынын адистери биргеликте "Тилтест" веб-порталын иштеп чыгышкан. Ал "Кыргызтесттин" мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери үчүн окуу китептеринин негизинде түзүлгөн.

Ал үчүн эки операциялык системадагы тиркемелер учурда жасалууда жана жакын арада Google Play Market жана App Store онлайн-дүкөндөрүндө акысыз негизде чыгат. Анын негизги милдеттеринин бири катары жогоруда аталган кызматкерлер үчүн мамлекеттик тил боюнча экзаменге даярдануусун жеңилдетүү болот.

Кыргыз тилин үйрөнүү программасын жакшыртуудагы төртүнчү багыт жазылган текстти үн чыгара окуй ала турган программалык аппаратты иштеп чыгуу болду. Ulut Soft компаниясынын башчысы Мирбек Окенов билдиргендей, ал жасалма интеллекттин негизинде иштеп, кыргыз тилинде жазылган текстти үн чыгара жандандырып бере алат. Аны ар бир каалоочу сынап көрө алат жана mamtil.kg.tts сайтына кирип текшерип көрүүгө болот.

Окенов азыркы жыйынтыктар жасалган иштин биринчи жемиштери экенин айтты. Бул жылы компаниянын планында жасалма интеллект аркылуу үндү сөзгө которууну баштоо турат. Кийинки жылы кыргыз тилиндеги текстти семантикалык анализге алуу жана 2023-жылга карата бул программа аркылуу текстти синтездештирүү жасалат.

Пикир

Оставить комментарий