• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз тилин үйрөнүү жеңилдейт

Коом 0

Бишкек, 24-июль /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Республиканын билим берүү мекемелеринде кыргыз тилин европанын системасы менен үйрөтүү башталды. “Тил Клаб” кыргыз тил борборунун жетекчиси Гүлмира Дүйшеева билдиргендей, тил илими боюнча адистер тарабынан атайын программа иштелип чыккан. Анда кыргыз тили чет тил катары эсептелип, үч деңгээлден турат.

“Ар бир деңгээл европа системасындагыдай, өзүнө дагы экиден бөлүмдү камтыйт. Башталгыч деңгээл “А” анда “А1” жана “А2” бөлүмдөрү, сүйлөшүү “В” жана прогрессивдүү “С” аналогдук деңгээли. Бул система кыргыз тилин үйрөнүүнү жеңилдетет, себеби анын ар бир деңгээлине лексикалык жана грамматикалык база иштелип чыккан. Анда кийинки деңгээлге өтүүдө ал толукталып турат”,-деп түшүндүрдү Дүйшеева.

Биринчи, экинчи деңгээлде окуу куралдары мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү Дүйшеева тарабынан иштелип чыккан. Ал эми үчүнчү деңгээлде колдонулчу куралдарды башка адистер даярдап жатат.

“Бүгүнкү күнү №61 мектепте мамлекеттик тилди аталган ыкма менен окутуу башталган. Практика көрсөткөндөй, тилди жаңы ыкма менен үйрөнүү өз жыйынтыгын берүүдө. Ал эми шаардагы башка мектептердин окуучуларынын ата-энелери бул ыкмага кызыгып, өз чөнтөктөрүнөн куралдарды алуу сунуштарын билдиришти”-,дейт Гүлмира Дүйшеева.

Пикир

Оставить комментарий