• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

«Кыргыз тилин маалыматтык технологияларында колдонуу» ачык сынагынын жыйынтыгы чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. 4-октябрда Эл аралык инновациялык технологиялар университетинде «Мамлекеттик тил – маалымат технологияларында» аталышындагы конференция жана Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган салтанат өткөрүлдү. Конференциянын 1-бөлүгүндө студенттердин мамлекеттик тилге жана мамлекеттик тилде программаларды түзүүгө болгон кызыгуусун арттыруу максатында республикалык деңгээлде уюштурулган программалоо боюнча «Кыргыз тилин маалыматтык технологияларында колдонуу» аттуу ачык сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комисиядан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, сынак КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, Билим берүү жана илим министрлиги, «УЛУТ Софт» жоопкерчилиги чектелген коому жана Эл аралык инновациялык технологиялар университети тарабынан уюштурулган.

Сынактын финалдык бөлүгүнө Кыргыз экономикалык университети, Кыргыз-Түрк Манас университети, Жалал-Абад мамлекеттик университети, Эл аралык иновациялык технологиялар университети, И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик техникалык университети, жана Бишкек Компьютердик системалар жана технологиялар колледжинен 9 доолбор катышты.

Доолборлор Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасынын буйругу менен түзүлгөн калыстар тобу тарабынан бааланды.

Студенттер өздөрүнүн долбоорлорун тааныштырып, калыстар тобунун жана студенттердин суроолоруна жооп беришти.

Калыстар тобунун чечими менен:

1-орунду «Эл сөзү» долбоору багындырып, I даражадагы диплом, ноутбук ж.б. баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

2-орунду «Пифагор» долбоору ээлеп, II даражадагы диплом, планшет ж.б. сыйлыктар ыйгарылды.

3-орун «Кыргызстан маалымат системасы» долбооруна ыйгарылды. III даражадагы диплом, планшет ж.б. сыйлыктар менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий