• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз тилиндеги 80ден ашык окуу китептери сунушталды

Коом 0

Бишкек, 22.09.17 /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги 80ден ашык кыргыз тилиндеги бала бакча, мектеп жана ЖОЖдор үчүн окуу китептерин сунуштады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

81 аталыш боюнча жалпы нускасы 84 995 даана болуп алар өлкөнүн орто билим берүү мекемелерине таркатылды.

12 350 даана 7 китеп бала бакчаларга берилди. Алардын ичинде “Манас алиппе”, “Табышмактар”, “Тамгалар ырдайт” жана башка китептер бар.

42 окуу китеби 44 340 даана нуска менен басылды. Алардын арасында 2-4-класстар үчүн “Менин жерим Кыргызстан”, “Улуу мурас урпактарга”, “Математикалык машыгуу”, 5-11-класстарга “Кыргыз адабияты” ж.б. китептер бар.

32 аталыштагы 28305 даана китеп Кыргызстандын 45 университетине берилди.

Кыргызстанда 23-сентябрда белгиленген Мамлекеттик тил күнүн белгилөөнүн алкагында Билим берүү жана илим министрлиги китептердин бет ачарын авторлордун катышуусунда өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий