• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргыз тилинин фразеологизмдеринин онлайн сөздүгү пайда болду

Коом 0

Бишкек, 02.12.19. /Кабар/. Кыргыз тилинин фразеологизмдеринин онлайн сөздүгү түзүлдү. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын эл аралык кызматташуу жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Онлайн сөздүк "Эл-Сөздүк" кыргыз тилинин онлайн сөздүгү жана Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы кыргыз тил жана адабият институту биргелешип жасаган иш болгон.

"Фразеологизмдердин онлайн сөздүгү, кыргыз тил институту 2015-жылы чыгарган "Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгүнүн" негизинде түзүлгөн. Сөздүктө фразеологизмдердин чечмелениши көркөм адабият жана мезгилдүү басма сөздөн алынган мисалдар менен коштолот", - деп билдиришти Илимдер академиясынан.

Илимдер академиясынан белгилешкендей, жакын арада "Эл-Сөздүктүн" базасы кыргыз тил институту түзгөн "Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү", "Манас" эпосунун сөздүгү", "Синонимдер сөздүгү", "Антонимдер сөздүгү" ж.б. сөздүктөр толукталат.

Пикир

Оставить комментарий