• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз товарларын аба же башка жолдор менен экспорттоо пайдасыз - эксперт

Экономика 0

Бишкек, 30.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кыргыз товарларын аба же башка жолдор аркылуу экспорттоо пайдасыз. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Кыргызстандын алыска сапар тарткан айдоочулар профсоюзунун өкүлү Игорь Голубев билдирди.

“Жүктөрду темир жол аркылуу жөнөтүү – бул абдан узак жана тез бузулуучу продуктуларга бул жол ылайык келбейт. Аба жолу да мындай продуктуларды ташууда үнөмдүү болбойт”, -деп эсептейт Голубев.

Ал Кыргызстан менен чектеш башка өлкөлөр Казакстан сыяктуу өнүккөн жол түзүмүнө ээ эмес экенин, кандайдыр бир бузулуулар болсо, айдоочуларга тезникалык жардам табуу кыйын болорун эскертти.

Голубев Кыргызстан үчүн экспортту жол аркылуу ташуу ылдамдыгы жана өзүн өзү актоосу боюнча эң ылайыктуу вариант экенин кошумчаладыбы. Буга байланыштуукыргыз-казак чек арасындагы кырдаал тезинен чечүүнү талап кылат.

Профсоюздун башчысы кыргыз-казак чек арасындагы жүк унааларынын кезеги 12 чакырымга жетип, 500гө жакын унаа турганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий