• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

«Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасы түзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 02.02.19 /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу «Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасы түзүлүүдө. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

«Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасы туризм тармагындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу жана мамлекеттик менчикте турган санаториялык-курорттук уюмдарды рационалдуу пайдалануу максатында түзүлүүдө.

«Кыргыз туризм» ишканасынын милдети болуп төмөнкүлөр саналат:

- туризм тармагындагы мамлекеттик жана аймактык деңгээлдеги саясаттын аткарылышын камсыздаган механизмди түзүү;

- туристтик, экскурсиялык, мейманкана жана туризмге тийиштүү тейлөөлөр рыногун өнүктүрүү, туристтик бизнести өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу;

- мамлекеттик менчикте турган туристтик объектилердин, сервис-борборлордун инфраструктурасын модернизациялоо.

«Кыргыз туризм» ишканасы өз ишмердүүлүгүн республиканын мыйзамдарына жана бекитилген уставга ылайык жүргүзөт.

Бул мамлекеттик ишканананын директору премьер-министри тарабынан эки жылдык мөөнөткө кызматка дайындалат жана андан бошотулат.

Пикир

Оставить комментарий