• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргыз улуттук аскер лицейинин курсанттары Баткен шаарындагы мектеп окуучулары менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 14.01.22. /Кабар/. Кыргыз улуттук аскер лицейинин курсанттары Баткен шаарындагы мектеп окуучулары менен жолукту. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Белгилегей кетсек, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун колдоосу жана Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаевдин демилгеси менен Баткен облусунун чек ара аймагында жашаган 57 бала Бишкек шаарында жайгашкан генерал-майор Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейине окууга жөнөтүлгөн.

Облус башчысынын аракети менен аталган аскердик окуу жайына өткөн балдар учурда эс алууга чыккандыгына байланыштуу Баткен шаарындагы мектептердин окуучулары менен жолугушуу өткөрүштү.

Келечек ээлери менен болгон жолугушууда, аскер лицейинин курсанттары окуучуларды мекенчилдикке, патриоттуулука чакыруу менен алардын кызыккан суроолоруна жооп беришти.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында жайгашкан генерал-майор Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейине жалпысынан жыл сайын 150 бала окууга кабыл алынат. 2021-2022-окуу жылында 150 баланын 57син Баткен облусунун чек арадагы айылдарынан барган жаш жигиттер түздү.

Мындан сырткары, облус башчысынын патриоттуулукка тарбиялоо максатында жүргүзгөн аракети менен Баткен облусунун аймагынан 20 бала Кыргызстандын жана Россиянын жогорку аскер окуу жайларына өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий