• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз улуттук филармониясында Дене тарбия жана спорт күнү белгиленди — сүрөт

Коом 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 6-апрелде Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Дене тарбия жана спорт күнү белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Кесиптик майрамга спорт ардагерлери, спорт федерациялары, машыктыруучулар мейман катары чакырылды.

Куттуктоо сөзү менен маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова сөз сүйлөштү.

Жаманкулов кыргыз спорту бүгүнкү күндө кандай бийиктиктерге жетип жатканын белгилеп, ушул күнгө чейин өрнөк көрсөтүп келген арадагерлерге ыраазычылык билдирди.

“Спорт ден соолукту чыңдоо гана эмес, жумурай журттун башын бириктирген чоң күч болду. Мисалы катары, акыркы кезде кыргыз спортунун ийгилиги жаралган учурда, өлкө желеги желбирегенде анын алдында бүтүндөй кыргыз элинин башы биригип, бир дем бир күч менен болууда”, - дейт министр.

Ошондой эле Азамат Жаманкулов апрель айынан тарта спорт мекемелеринин айлыгы 50-100 пайызга көтөрүлүп жатканын айтып, ар бир спортчуга ийгилик жана бекем ден соолук каалады.

Иш-чаранын алкагында бир катар алдыңкы жана ишинде мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөткөн спортчуларга сыйлыктар тапшырылды.

Майрамдык салтанат концерттик программа менен коштолуп, ата мекенди жана элди сүйүүгө арналган ырлар жаңырды.

Пикир

Оставить комментарий