• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Кыргыз энциклопедиясы редакциясынан өрт чыкты

Кырсык 0


Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Бишкекте Кыргыз энциклопедиясы редакциясынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 15-ноябрь күнү саат 10:49 чамасында Ленин районунун Чүй проспектисиндеги Улуттук илимдер академиясынын Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы корпусунун 3-кабатында жайгашкан бухгалтерия бөлмөсүндө стол, отургучтар жана иш кагаздар күйгөн.

Белгиленгендей, өрт саат 11:14тө чектөөгө алынып, саат 11:41де толук өчүрүлгөн.

Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылган. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий