• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи КМШдагы 10 мыкты онлайн музейдин катарына кирди

Коом 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. ТурСтат аналитикалык агенттиги КМШ өлкөлөрүндөгү 10 мыкты онлайн режимине ылайыкташкан көркөм музейлеринин рейтингин түздү.

Маалыматка ылайык, рейтинг түзүүдө музейлердин белгилүүлүгү жана виртуалдык саякаттоонун мүмкүнчүлүгү эске алынган. Кыргызстандын Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи рейтингдин онунчу сабына жайгашкан.

Рейтингдин тизмеси:

1. Третьяков галереясы - Москва;

2. Орус музейи - Санкт-Петербург;

3. Пушкин музейи - Москва;

4. Улуттук көркөм музейи - Минск;

5. А. Кастеев атындагы мамлекеттик көркөм музейи - Алматы;

6. Улуттук көркөм музейи - Баку;

7. Армениянын улуттук галереясы - Ереван;

8. Мамлекеттик көркөм сүрөт музейи - Ташкент;

9. Улуттук көркөм музейи - Кишинев;

10. Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи - Бишкек.

Пикир

Оставить комментарий