• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги 80 жылдык маарекесин белгиледи

Коом 0

Бишкек, 08.12.17. /Кабар/. Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги 80 жылдык маарекесин белгиледи. Салтанат көңүлдүү маанайда, атамекендик эстрада жана балет жылдыздарынын катышуусунда өттү.

Иш-чарага белгилүү теле алып баруучу жана коомдук ишмер Ассоль Молдокматова майрамдык шаң берип турду. Мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, эксперттердин жана ЖМК кызматкерлеринин катышуусунда өтүп, Молдокматова журналисттик эмгектин коомдогу мааниси канчалык экенин белгиледи. Ошондой эле улуттук агенттиктин мамлекеттин жашоосундагы ролун жогору баалады.

“Журналисттин иши байкалбаганы менен абдан маанилүү. Менин атам – Кыргыз Республикасынын биринчи журналисти, Кыргыз ССРинин атынан “Труд”, “Известие”, “Правда” гезиттеринде иштеген. Тээ 70-жылдары “КирТАГ” телетайпы боюнча макалаларды берип турган. Ошондуктан “Кабар” менен мени сүйүктүү атам тууралуу эскерүүлөр байланыштырат”, - деп бөлүштү алып баруучу.

Молдокматова “Кабар” 80 жылдык ишмердигинде болуп көрбөгөндөй жыйынтыктарга жетише алганын, буга ЖМКнын алты тилде чыгып, өзүнүн платформасында теле долбоорлорду чыгарары күбө экенин белгиледи.

“Бул өтө жаркын, маанилүү окуя. Убакыт – жалгыз, аны артка кайтаруу же сатып алуу мүмкүн эмес. Бул мезгил аралыгында урматтуу “Кабардын” журналисттери сиздер канчалаган тагдыр, тарыхты чагылдырдыңыздар”, - деди Молдокматова.

Маалымат агенттигинин жамаатын куттуктоо менен бирге ал салтанатты көркүнө чыгарган жылдыздарга ыраазычылык билдирет:

«Асель Айдарова, Урмат Усенов, Неля, Нурлан Намазбеков, Галина Дебуля, Алмаз Истамбаев, Айя Садырова, Адиль Кайыповдорго, «Азия-Нур» бий тобуна салтанатка катышуулары үчүн ыраазычылык билдирем”,- деп кошумчалады Молдокматова.

Сүрөт: Галина Дебуля жана Айжан Нурланбекованыкы.

Пикир

Оставить комментарий