• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору алмашты

Кадр саясаты 0

Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору алмашты.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Таабалдиев Кубанычбек Абдименович ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Шерметалиев Медербек Асанбекович Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору болуп дайындалды.

Белгилей кетсек, Таабалдиев "Кабар" КУМАны эки жолу жетектеген. Биринчи жолу 1998-2006-жж. экинчисинде - 2011-жылдан 2022-жылга чейин.

Нет описания.

Пикир

Оставить комментарий