• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргыз улуттук опера жана балет театры май майрамдарына карата концерттик программа сунуштады

Маданият 0

Бишкек, 08.05.22. /Кабар/. Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры калаадагы "Ынтымак-2" сейил багында май майрамдарына карата концерттик программа сунуштады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, анда дүйнөлүк классикалык жана ата-мекендик мыкты чыгармалар жаңырып, шаар тургундары үчүн майрамдык маанай тартууланды.

"Келген меймандар мындай мүмкүнчүлүк түзүп берип жаткан жана демилге көтөргөн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине ыраазычылык билдирип, 1-майдан бери үзгүлтүксүз "Ынтымак-2" сейил багына келип жаткандыктары тууралуу белгилешти. Жандуу үн менен тартууланган концерт чыныгы майрамдык маанай, жагымдуу атмосфера менен коштолгонун айтып, мындай иш-чараларды көп уюштуруп турууну суранышты", - деп айтылат министрликтин тараткан маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий