• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргыз улуттук сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев кызматтан алынды

Кадр саясаты 0

Бишкек. 28.05.19 /Кабар/. Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинин директору Юристанбек Шыгаев ээлеген кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койду.

Эске салсак, Шыгаев музейден Николай Сверчковдун кыл калеминен жаралган "Ит менен ат" жана "Бакуниндин портрети" аттуу сүрөттөрдүн түп нускасын алып, аны бузулган абалда кайтарган деп айыпталган.

Эмгектерди Шыгаев көчүрмөсүн жасаш үчүн алганын, аларды кайра калыбына келтире турганын билдиргени кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий