• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-Вьетнам дипломатиялык мамилесине 25 жыл

Саясат 0

Бишкек, 5-июнь /Кабар/. Кыргызстан менен Вьетнамдын тышкы иштер министрлери Эрлан Абдылдаев жана Фам Бинь Минь эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилеге 25 жыл толушу менен куттукташты. Бул тууралуу Тышкы иштер минстрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Эрлан Абдылдаев өзүнүн куттуктоосунда эки өлкөнүн мамилесинин мындан аркы өнүгүшүн жана Кыргызстан менен Вьетнам элдеринин урматына мамлекеттердин кызматташтыгын арттыруу зарылчылыгын белгиледи.

Ал эми, Фам Бинь Минь “Акыркы 25 жылдан бери эки өлкөнүн жана министрликтердин ортосундагы ар тараптуу кызматташуу тынымсыз бекемделип, өнүгүп жатканы мени кубандырат”- деп билдирди. Мындай мамиле эки өлкөнүн элинин салттуу достугунун бекемделишине салым кошоорун кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий