• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-венгер инвестициялык фондун түзүү мүмкүнчүлүгү каралууда – Айдарбеков

Экономика 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. Кыргыз-венгер түз инвестициялар фондун түзүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул тууралуу Бишкекте журналисттерге КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

Анын айтуусунда, венгер тарап "Эксимбанк" аркылуу 50 млн евро өлчөмүндө жеңилдетилген насыя бөлүүгө даяр.

"Биз учурда аталган долбоорду ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Андан тышкары, соода-экономикалык алакаларды тереңдетүү максатында Венгрия тарапты Бишкекте 9-10-июлда өтө турган "Борбордук Азия – Европа Биримдиги: жашыл экономика чөйрөсүндөгү өнөктөштүк аракетте" аталыштагы биринчи экономикалык форумга чакырдык. Венгрия тарап жана венгер ишкерлери аталган форумга активдүү катышып берет деген ишеничтебиз", - деди өз сөзүндө министр Айдарбеков.

Пикир

Оставить комментарий