• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-Венгер фондунун ишмердүүлүгүнүн алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 18.11.22. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги менен жолугушту, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнүн алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Мындан тышкары, тараптар энергетика жана айыл чарба тармагында фонд тарабынан иштелип жаткан долбоорлордун тизмесине кирген долбоорлорду кошкондо, алардын экономикалык эффектилерин эске алуу менен айрым долбоорлордун артыкчылыктарын талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Фонддун ички уюштуруу жана оперативдүү ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар маселелер мындан ары өнүктүрүү үчүн макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий