• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-Венгрия өнүктүрүү фондуна Кыргызстандан үч, Венгриядан эки директор дайындалат

Экономика 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Кыргыз-Венгрия өнүктүрүү фондуна Кыргызстандан үч, Венгриядан эки директор дайындалат. Бул туурасында бүгүн, 8-апрелде Бишкекке расмий иш сапары менен келген Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушуудан кийин билдирди.

Петер Сийярто Кыргыз-Венгрия өнүктүрүү фондун түзүү боюнча келишимге кол коюлганына токтолду.

“Келишимдин максаты венгриялык компаниялар жана технологиялык Кыргызстандын суу, айыл чарба, медицина жана башка тармагы менен кызматташуу болуп саналат. Алгач фондго 16 млн доллар которулат, жыл аягында калган 34 млн доллар которулат. Аталган фонддун директору тезирээк дайындалышын күтүп жатам. Кыргыз-Венгрия өнүктүрүү фондуна Кыргызстандан үч, Венгриядан эки директор дайындалат. Фонд канчалык эрте түзүлсө, ошончолук эрте ишибизди баштайбыз”, - дейт ал.

Венгиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга кызматташуу максатында 7 компаниянын өкүлдөрү келгенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий