• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз Википедиясында макалалардын саны 80 миңге жетти - Ишекеев

Коом 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. Кыргыз Википедиясында макалалардын саны 80 миңге жетти. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев билдирди.

Анын айтымында, учурда мамлекеттик тилди санариптештирүү процесси өзгөчө маани бере турган багыттардын бири болууда.

"Сиздер билгендей, "Mamtil Lingvo" мобилдик тиркемеси иштелип чыккан. Азыркы тапта кыргыз Википедиясында макалалардын саны 80 миңге чыкты. Анын санын жана сапатын арттыруу үчүн баарыбыз катышышыбыз керек. Учурда Google translate'ке 1 млн 300 миң фраза киргизилген. Анын санын өстүрбөсөк, сапаты артпайт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий